Кардиомониторлор, халаттар, колкаптар. “Альянс Алтын” коронавирус менен күрөшүү үчүн Таласка кезектеги жардамды берди
Талас облусуна коронавирус менен күрөшүү үчүн керектүү медициналык аппарат менен жабдуулар алып келинди. Бул тууралуу “Альянс Алтындын” маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлеринин атынан Талас облусуна бөлүнгөн 16 миллион сомго керектүү медициналык аппаратура — керебеттин жанына коюла турчу кардиомонитор, пульсоксиметрлер жана кислород концентраторлору, медициналык халаттар, бахилла, шапка жана башкалар алып келинип, тапшырылды.
Таласка алып келингендер:
Керебеттин жанына коюла турчу кардиомонитор – 5 даана;
Пульсоксиметр – 30 даана;
Хирургиялык сордургуч – 10 даана;
Кислород концентратору – 15 комплект;
Инфузомат (шприцтик насос) - 5 даана;
Бахила - 1 200 даана;
"Шарлотта" медициналык шапка - 1 200 даана;
Колкап (кутуда 100 даанадан) – 12 куту;
Хирургиялык халат 200 даана;
Дары чачуучу дропульт 10 литрдик желим – 50 даана;
Таза марли – 900 метр;
Кол үчүн антисептик 20 бөтөлкө ар бири 5 литерден.
Карачолокова коронавирустун алдын алуу жана аны менен күрөшүү үчүн Талас облусуна жардам дагы бир нече транш менен келе турганын айтты.
Буга чейин «Альянс Алтын» компаниясынын акционерлеринин атынан 16 млн. сом бөлүнгөн. Анын 10 миллиону инвестор тарабынан, 6 миллион сому компаниянын «Бакубат Талас» фонду тарабынан каралган.
Бөлүнгөн акчага 20 тонна ун, күрүч алынып, ал Талас облусунун тургундарына бир мүшөктөн таратылган. Азык-түлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана тамак-аш албай калгандарга берилген.
Андан сырткары компания өзүнүн өрт өчүрүүчү машинасы менен Талас районунун Бемолдо айыл аймагындагы айылдардын көчөлөрүн дезинфекциялаган.
«Алтын Альянс» компаниясы Талас облусундагы Жерүй кенин иштетет.
Добавить комментарий ×