“Альянс Алтын” Таластын көчөлөрүн дезинфекциялады

26 марта 2020 18:54 1292 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы өзүнүн өрт өчүрүүчү машинасы менен Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү айылдардын көчөлөрүн дезинфекциялады. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулова билдирди.

 "Альянс Алтын" коронавирус менен күрөшүүдө болгон чараларды көрүп жатат.
"Биздин милдет элге коронавирус менен күрөшүүдө жардам берүү", 
- деди ал.


Эске салсак, "Альянс Алтын" компаниясы коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн. 

Андан сырткары Талас облусуна коргоочу медициналык кийим менен 11 миң беткап, антисептикалык каражат алынып, облустук штабга тапшырылды. Аларды атайын тизме менен даректерине жеткиришет.

Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев “Бакубат-Талас” фондусунун каржылоосу менен медициналык каражаттар алынып жатканын кошумчалады.

“Буга чейин 30 миң беткап алып келинген. Бүгүнкү күнү дагы 11 миң баткап менен медициналык атайын кийимдер алып келинди. Бардык каражат көзөмөлгө алынып, максатына ылайык колдонулат”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talastyn-kchlrn-dezinfekciyalady



Добавить комментарий