Кара-Сууда милиция өзүнүн аялын сабап салган

16 августа 2021 13:22 1667 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Суу районунда милиция кызматкери өзүнүн аялын сабап салган. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 10-июлда Фуркат айылынын 28 жаштагы тургуну Ш. А. райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда аял жолдошу C. уулу Ч. аны чатак учурунда уруп-сабаганын айтып арыз берген.

“Ш. А.га карата соттун медициналык экспертиза дайындалып, аялдын денесине жеңил залал келтирген деп аныкталды. Азыркы учурда ИИМдин ички иликтөөрлөр кызматынынын кызматкерлери тарабынан иликтөө жүрүп жатат. C. уулу Ч. Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиционери болуп эсептелет”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-miliciya-znn-ayalyn-sabap-salgan



Добавить комментарий