Кара- Суу районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду
Кара-Сууда айдоочу рулга ээ боло албай бакты сүзгөн, кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 10-сентябрда Кара-Суу районунда саат 00:26 Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө “Daewoo Nexia” унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Натыйжада 1 эркек адам (1995-жылы туулган) каза болуп, 4 эркек адам (1995- жылы туулган, 1995- жылы туулган, 1995- жылы туулган, 1995- жылы туулган) жабыркаган.
Бирок, ооруканага жетпей бир адам жолдон каза болгон. КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы ооруканага жеткиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-zhol-kyrsyktan-eki-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×