Кант шаарында бир адамдын башын жарып, бычактап кетишти
Ысык-Ата районунда адамдын денесине оор залал келтирди деп шектелген жаран кармалгандыгын Чүй облустук ИИББ кабарлады.
Маалым болгондой, 23-майда Ысык-Ата райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан кайрылышып, аларга оор жаракат алган 34 жаштагы Кант шаарынын тургуну А.А. кайрылгандыгын айтышкан.
Аталган факт ЖК 138-беренесине ылайык (ден-соолугуна атайылап залал келтирүү) Ысык-Ата районунун КЖБР АМС катталган.
Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери жаракат алган А.А.ны суракка алышканда ал мас абалында болгондуктан эч нерсе айтып бере алган эмес. Медицина кызматкерлери анын денесине бычак сайылгандыгын, сол тарап жаагында сөөк сынгандыгын, баш сөөгү, мээси жабыркагандыгын аныкташкан.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында милиционерлер тарабынан 33 жаштагы Кант шаарынын жашоочусу Ф.С. шектелип кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kant-shaarynda-bir-adamdyn-bashyn-zharyp-bychaktap-ketishti
Добавить комментарий ×