Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык жарыялады
Поделиться в:
Камакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Cаясий туткундарды коргоо боюнча комитети” билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку соттун чечимин курьер алып келип берген жок. Мындан улам камактагы 2 саясатчы ачкачылык жарыялашты. Алар өздөрүнө карата 8 жылдык жаза мыйзамсыз берилгенин айтып, Жогорку соттун 3 судьясын жана төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылууда.
Белгилей кетсек, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Жогорку соттун чечими 16-августка чейин колдоруна тийбесе ачкачылык жарыялашаарын буга чейин айткан.
Кадыров жана Асановго бийликти күч колдонуп басып алуу беренеси боюнча айып тагылган.
Добавить комментарий ×