БУУнун баш катчысы COVID-19дун кесепетинен глобалдык ачкачылыктын көбөйүшүнө тынчсызданууда
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерреш дүйнөдө ачкачылыктын санынын өсүшүнө тынчсызданып жатат. 2020-жылдын аягына чейин дагы 130 миллион адам ачкачылыктан азап чегүү алдында турушат. Бул тууралуу Гутеррештин БУУнун сайтына жарыялаган билдирүүсүнө таянып “Барометр” билдирет.
"Ачкачылык кайрадан күчөп баратат. Мындай каатчылык ушунчалык тез жайылат деп ойлогон эмесмин", - деди ал
Гутеррештин айтымында, COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөгө, анын ичинде глобалдык азык-түлүк коопсуздугунун абалына чоң таасирин тийгизди.
"2020-жылдын аягына чейин дагы 130 миллион адам ачарчылыкка дуушар болуу коркунучунда турат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы азык-түлүк жеткирүүдө зарыл жана өтө маанилүү ролду ойнойт”, - деп тынчсызданат БУУнун баш катчысы.
2020-жылы 7 миллион адам ачкадан көз жумган.
Эске салсак, БУУ COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризисте ачарчылыктын алдын алуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы алты айдын ичинде 6,8 миллиард доллар чогултушу керек деп эсептеп чыккан.
Добавить комментарий ×