Абактан чыккан саясатчылар Атамбаевдин мафиясын аттарынан атап берди. Алар кимдер?

1 марта 2019 15:10 3864 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Атамбаев бийликте турганда тегерегине кылмыштуу команданы топтоп, өлкөнү өзү каалагандай башкарды. Мындай пикирди абактан чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бүгүнкү 1-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

"Атамбаев Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүнбаев, Исраилов менен чогуу мамлекетти каалагандай башкарды. Ушул адамдардын орду түрмөдө. Биз өз ордубузду аларга бошотуп бердик, алар саясий оппонент эмес, коррупционерлер" - деди Кубанычбек Кадыров.

Ал эми басма сөз жыйынында экс-губернатор Бектур Асанов мыйзамсыз соттолгонун айтып, аны соттогондор жоопко тартылыш керек деди. 

"Биз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалганбыз. Аны 1996-жылдан бери билем. Ал эми ортодо болгон тиреш 2010-жылы башталды. Пикир келишпестик "Чаарат" кен казуучу жайдан чыккан. Ал жердеги жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн тирешүүсү бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Атамбаев ал жылы тендер өткөрмөй болгон, бирок анын баары мыйзамсыз эле. Кийин Атамбаев "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башчыларын алмай болгон, бийликтин өкүлү катары буга каршы чыккам. Министр кезимде башка кызматка өтүү сунушун киргизгенде баш тарттым, ошондон тирешүүбүз күч алды. Бизге тиши өтпөй калганда каматты. Эми азыр өз жазаларын алсын"-деп билдирди. 

Саясатчылар мындан кийин дагы саясаттан кетпей тургандыктарын айтышты. Алар учурда коррупцияга каршы иштер туура жүрүп жатат деген пикирде. 

Эске салсак, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалышкан. Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап шарттуу түрдө 12-февралда эркиндикке чыгарган.  

Ссылка: https://barometr.kg/abaktan-chykkan-sayasatchylar-atambaevdin-mafiyasyn-attarynan-atap-berdi-alar-kimder



Добавить комментарий