Изабеков: Айсулуу Тыныбекова менен психологдор иштешкен
Кыргызстандын аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Токиодо өткөн Олимпиадада ал машыктырган балбан кыздар менен психологдор иштешкенин айтты. Бул тууралуу ал түз эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып, Айпери Медет кызы 5-орунду ээлеген.
“Башкы машыктыруучу Байгазы Кенжебаев команданы психологиялык коштоп жүрүүгө дагы жоопкер. Ал психологдун ролун дагы аткарат.Мен болсо атайын даярдыкка, килем үстүндөгү ыкмаларга, тактикаларга жана башкаларга жооп берем.
Турнирге даярдоо, турнирге чейинки коштоп жүрүү жана моралдык тарбия мунун баарын улук машыктыруучу 10 жылдан бери иштеп келе жатат.
“Тыныбекова дүйнө чемпионатында алтын медалды утуп алган кезде Кенжебаев анын жанында болду. Токиодо дагы кыздар менен иш алып барды.Бизде Союз кулагандан бери спорттук психологдор жок, мындан улам спортто жүргөн адамдарды иштетип жатабыз. Кыргызстандын аялдар курама командасы менен психологдор иштешкен жок деген маалымат туура эмес”,-деп айтты Изабеков.
Ссылка: https://barometr.kg/izabekov-ajsuluu-tynybekova-menen-psihologdor-ishteshken
Добавить комментарий ×