Айсулуу Тыныбекова кайрадан дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты
Поделиться в:
Айсулуу Тыныбекова кайрадан дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалганын “Барометр” билдирет.
Токио шаарындагы Олимпиада оюндарынын аякташы менен эл аралык федерация дүйнөдөгү күчтүү балбандардын тизмесин жарыялады.
Рейтингге ылайык, 62 кг салмакка чейинки категориядагы балбандар арасында Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле лидерликти сактап калды.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу кыз Олимпиадада өткөн оюндарда эркин күрөш боюнча экинчи орунду ээлеген.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kajradan-djnlk-rejtingdin-sap-bashyna-chykty
Добавить комментарий ×