Искендер Матримов: Тилек Матраимов Кара-Суунун акими кызматына кайткан жок. Ал пневмония болуп ооруканада

31 октября 2020 10:41 3520 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатып, өзбек чек арачылары тарабынан кармалган Тилек Матраимов эки тараптуу пневмония болуп ооруканага которулган. Бул тууралуу анан бир тууган агасы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Искендер Матраимовдун айтымында, 19-октябрда Тилек Матраимовго эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Учурда, ал инисинин дарылануудан өтүп жатканын жана ден-соолугу туруктуу экенин айтты. 

“Урматтуу достор!

Интернетте Тилекбек Матраимов боюнча жалган маалыматтар таралууда. Тилекбек Ысмайылович 15 күн мурда эки тараптуу өпкөнүн  кагылышы диагнозу менен ооруканага түшкөн. Кара-Суу районунун акимиатына кайтып иштеп жатат деген маалымат жалган. Сиздерден суранат элем, текшерилбеген маалыматка ишенбеңиздер”, - деп жазган Искендер Матраимов.

Белгилей кетсек, соцтармак колдонуучулар Тилек Матраимов Кара-Суу районуна кайтып келип, кайрадан акимдик кызматын улантып жатканын жазып чыгышкан.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын чек ара аскерлери тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүдө Тилек Матраимов жакын туугандары (уулу, жээни) жана жеке күзөтчүсү менен кармалганын УКМК кабарлаган.

2020-жылдын 9-октябрында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Матраимовду жана анын жакындарын Кыргызстанга өткөрүп берген.

Тилек Матраимов Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси.

Ссылка: https://barometr.kg/iskender-matrimov-tilek-matraimov-kara-suunun-akimi-kyzmatyna-kajtkan-zhok-al-eki-taraptuu-pnevmoniya-bolup-oorukanada



Добавить комментарий