Тилек Матраимов жана анын туугандары чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармалышты

7 октября 2020 22:31 1334 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын чек арачылары Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду жана анын туугандарын чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

"2020-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын чек ара аскерлери тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүдө Тилек Матраимов жакын туугандары (уулу, жээни) жана жеке күзөтчүсү менен кармалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Аларды кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралып жатат.

Тилек Матраимов Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-chek-arachylary-tilek-matraimovdu-zhana-anyn-tuugandaryn-chek-aradan-myjzamsyz-tp-bara-zhatkanda-karmashty



Добавить комментарий