Искендер Матраимов журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча пикирин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов FactCheck KG сайтынын редактору Болот Темировдун сабалышы боюнча пикирин билдирип, ага ден соолук каалады.
"Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы - анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт", — деп жазды ал.
Депутат андан сырткары журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы мыйзамга каршы келген аракет экенин белгилеген.
"Тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл. Журналист жигитке ден соолук каалайм. Батырак айыгып, калемин колуна алышына тилектешмин!" — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда чак түштө FactCheck KG сайтынын башкы редактору Болот Темиров кеңсесинин жанынан сабалган. Ага чымыр денелүү белгисиз үч киши кол салып, телефонун тартып алган. Темиров кол салуудан кийин тиштери бошоп, кулагынан кан агып жатканын билдирген.
Окуя боюнча президенттин маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева дагы пикирин билдирип, укук коргоо органдары тийиштүү чара көрөт деген оюн айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/iskender-matraimov-zhurnalist-bolot-temirovdun-sabalyshy-boyuncha-pikirin-ajtty
Добавить комментарий ×