Казакстандык журналист Грузияда өлтүрүлдү
Грузияда казакстандык журналист Жанбота Төлеген каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Назира Даримбет аттуу колдонуучу казакстандык журналист Грузияда өлтүрүлгөнүн айтып, социалдык тармакка жазып чыкты.
Жанбота Грузияда, Телави шаарында 21-майда өлтүрүлгөн.
Буга чейин, социалдык тармакта маркум Жанбота Төлөгендин курбусу Грузияда жүргөндө бир айга жакын байланышка чыкпай жатканын билдирген.
"Эми эмне деп ойлорумду билбейм, ал мага акыркы жолу 19-майда WhatsApp аркылуу байланышты. Бир аз күттүм, анан тынчсыздана баштадым. Биз англис тили курста чогуу окуганбыз, ал эч качан сабактарды калтырчу эмес. 20-май ишемби күнү курста офлайн жолугушуубуз болгон, ал катталып, келем деп, келбей койду, көбүнчө бул жолугушууларды калтырчу эмес. Анан мен андан бетер кооптонуп, чалсам ал жооп берген жок, телефону өчүк», - деп жазган Жанботанын кесиптеш курбусу Төлөген.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-zhurnalist-ajymdy-gruziyadan-ltrp-ketishti
Добавить комментарий ×