Ишти создуктурган тергөөчүнү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү

13 февраля 2020 10:41 694 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тергөө органдарынын токтому менен камакка алынган үй-мүлктөрдүн тизмесин аныктап чыгуу керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутат 10 жылдап тергөө жүрбөгөндүктөн өз мүлкүн пайдалана албаган жарандар ага кайрылганын билдирди.

"Тергөө органдарынын токтому менен камакка алынган мүлтөрдүн ривизиясын кылалы. Мага жарандар кайрылып 10-12 жыл мурда тергөөчүнүнү токтому менен жер тилкеси, батири камакка алынып кылмыш иши ачылган. Андан бери иш ордунан жылбай тургандары бар экен. Эгер тергөөчү өз учурунда кылмыш ишин аягына чыгарбаса ал жоопкерчилик тарткыдай кылып мыйзам чыгаралы. 10 жылдап элди кыйнап өзүнүн менчигин колдонуугу укук бербей коюу туура эмес", — деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/ishti-sozdukturgan-tergchn-zhoopko-tartuu-maselesi-ktrld



Добавить комментарий