Чек ара чатагы боюнча тергөө иши башталды
УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобу тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
2021-жылдын 29-апрелинде саат 04:40 ченде Баткен областынын Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою атуу жеринде, Баткен районунун жергиликтүү тургундары менен таджик тараптан башталган Таджикстан жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон.
Андан кийин, Таджикистандын аскерлери Кыргызстан менен Таджикистан ортосунда 2004 –жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү Келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Кыргызстандын суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарды, чек араны коргогон аскер, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматардан, миномётордон, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышкан.
Андан кийин, Таджикистандын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Мин-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, «Кызыл- Бел» чек ара посторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргызстандын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан.
Таджикистандын аскер кызматкерлер тарабынан куралдуу кол салуунун кесепетинен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана жарандарынын арасынан октон жана жарылмалардан көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышып, алардын ичинен каза болгондор да болду, ошондой эле Кыргызстандын жарандык жана аскер объектилери талкаланып зыянга учурады.
Таджикистандын аскер кызматкерлеринин жогоругудай аракеттери Кыргызстандын бүтүндүгү менен суверинитетине карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгенелейт. Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат. 2021-жылдын 29-апрелинде бул факты КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КЖБРге КРын Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каталды.
Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы КРын УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-chatagy-boyuncha-terg-ishi-bashtaldy
Добавить комментарий ×