Мурдагы жооптуу катчы Түркиянын жарандарынын иши боюнча кармалды

16 июля 2021 09:58 1236 Barometr
Поделиться в:
ok

Президентке караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Бишкек ШИИБинин тергөө кызматы КРнын Кылмыш кодексинин 319 («коррупция») беренеси боюнча Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүү фактысы тууралуу сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Мурдагы жооптуу катчы Э. А. Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө бул ишке башка адамдардын катыштыгы барбы же жокпу тактап жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-zhooptuu-katchy-trkiyanyn-zharandarynn-ishi-boyuncha-karmaldy



Добавить комментарий