“Ишеним” партиясынын татыктуу талапкерлеринин бири - Шавкат Асанов!

26 ноября 2021 18:16 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ишенимдүү кадамдар, өнүккөн өлкө!” деген ураан менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып жаткан “Ишеним” саясий партиясынын татыктуу талапкерлеринин бири - Шавкат Асанов. Иш билги, тажрыйбалуу адисти Аксы элинен чыккан бычакка сап азаматтардын бири катары шайлоочулары баалап келет. 28-ноябрда  боло турган парламенттик шайлоого “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен катышууда. Асанов Шавкат Сатымкулович үчүн партиянын тизмесинде 28-номер менен добуш ыйгарсаңыз болот.

Талапкер Асанов Шавкат Сатымкулович тууралуу маалымат

Асанов Шавкат Сатымкулович 1971-жылдын 8-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Дөбө айылында туулган.1978-1988-жылдары Н.К.Крупская орто мектебинде билим алган.1988-жылы Россиянын Ульяновск шаарындагы Айыл чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы Фрунзе шаарындагы К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтуна которулуп 1993-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун жеке ишкердик менен алектенүүдөн баштаган.1997-1999-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.2006-жылы «Ариет авто» фирмасын негиздеп, автотетиктерди сатуу тармагында ийгиликтүү иштеп келе жатат.Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).

Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-sayasij-partiyasynan-talaker-shavkat-asanovdun-emgek-zholu



Добавить комментарий