Шерзодбек Умарбеков: Мен элдин бардык көйгөйлөрүн жакшы билем

26 ноября 2021 17:52 Barometr
Поделиться в:
ok

 "Ишеним" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбеков менен алдыда боло турган шайлоо, өзүнүн программасы тууралуу кыскача мектештик.

- Эмне үчүн шайлоого катышууну чечтиңиз? Ал эмнени өзгөртөт?

– Мен парламентке билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн бара жатам. Өлкөнүн өнүгүшү калктын сабаттуулугуна түздөн -түз көз каранды. Ошондой эле региондордо мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү. Спортчуларды колдоо программаларын ишке ашыруу.

- Эмне үчүн мен сизге добуш беришим керек?

–  Мен Сузак айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын депутаты болуп шайлангам. Мен элдин бардык көйгөйлөрүн жакшы билем. Ушул күнгө чейин элимдин социалдык көйгөйлөрүн чечип келем. Бирок, азыр мен республикалык деңгээлде жарандардын кызыкчылыгын коргоого аракетимди жумшагым келет.

- Сизде кандай программа бар? Анан аны кантип ишке ашырасыз?

–Менин программам жаштарды колдоого, билим берүүнү сапаттуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган. Бардык билим берүү мекемелеринде англис тилин үйрөнүүнү киргизүү. Ошентип, биздин жаш ишкерлер өздөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн.

–.Эмнеге "Ишеним" партиясын тандадыңыз?

–Жаш жана прогрессивдүү лидерлер тобу менен партия. Элдин ишеним жана үмүт партиясы!

Талапкер Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович тууралуу маалымат.

Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович 1984-жылдын 23-мартында Сузак районунун Сузак айылында туулган. 1992-2002-жылдары Сузак айылындагы С.Акбаров атындагы орто мектебин аяктаган. 2013-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юрист адистиги боюнча билим алган.Учурда Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин дене-тарбия адистиги боюнча 3-курс студентимин.2008-2016-жылдары “Газпром Нефть Азия” АЗС Базар-Коргон, АЗС Бек-Абад, АЗС Кочкор-Ата, АЗС Сузак, жетекчи, 2016-2017-жылдары ОсОО “Накта Ойл” жетекчи.2018-2021-жылдары “Сузак Жаштар Демилгелери” коомдук фондунун президенти, 2008-2021-жылдары Сузак айылдык кеңешинин депутаты кызматтарын аркалаган.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда.Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович үчүн партиянын тизмесинде 23-номерде добуш берсеңиз болот.

Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).

Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-partiyasynan-talapker-sherzodbek-umarbekov-men-eldin-bardyk-kjgjlrn-zhakshy-bilem



Добавить комментарий