"Ишеним" партиясынан талапкер Акуналы Досалиев жергиликтүү эл менен жолугушту

23 ноября 2021 17:38 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы 1-Май айыл өкмөтүндө "Ишеним" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер Акуналы Досалиев жергиликтүү эл менен жолугушту. 

Жолугушууда тургундар "Ишеним" саясий партиясынын программасы менен таанышышты. 

Жергиликтүү тургундар экономикалык, социалдык тармактар боюнча суроолорун берип Акуналы Досалиев  аларга жооп берди. 

Аймактагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болгон жол маселеси боюнча талапкер өзүнүн жеке программасы менен тааныштырды. 

Депутаттыкка талапкер асфальт бетон жолдорго салыштырмалуу курулушу арзан болгон таш жолдорун куруу тууралуу дагы пикирин бөлүштү. Мындай жолдун өзгөчөлүгү анын арзандыгында жана бекемдигинде. Мисалы, бир чакырымдык асфальт-бетон жолунун курулушуна болжол менен 5.5 миллион сом сарпталса, ушундай эле узундуктагы таш жолдун курулушуна 2.4 миллион сом коротулат. Мындай жолдун ички чарбалык жолдор үчүн мааниси жогору. Талапкер буга чейин дагы мындай долбоорлорду демилгелеген.Эскерте кетсек, буга чейин тактап айтканда 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Акуналы Досалиев тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылындагы Алимов жана Тынчтык көчөлөрүндө таш жолдун курулушу демилгеленген. Аталган долбоорду «Жалал-Абад АБЗ» ачык акционердик коому  ишканасы  ишке ашырган болчу.Таш жолдун курулушу өкмөт тарабынан каржыланган.Бул долбоорду ишке ашыруунун айкын далили.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда. Акуналы Досалиев үчүн партиялык тизмеде №10 катар номер менен добуш берсеңиз болот.

Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 23-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).


Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-partiyasynan-talapker-akunaly-dosaliev-zhergilikt-el-menen-zholugushtu



Добавить комментарий