Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы улуттук деңгээлде белгиленет. Президент жарлыкка кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынды.
Андыктан Раззаковдун 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленет.
Президенттин жарлыгы менен өкмөткө бир топ иштер сунушталды. Алардын катарында бир айдын ичинде уюштуруу комитетин түзүү, иш-чаралардын планын иштеп чыгуу бар. Андан сырткары кете турган каражаттарды бөлүү дагы каралган.
Добавить комментарий ×