Иранда украин учагына ракета тийген учурдун видеосу жарыяланды
New York Times гезити Украинанын жүргүнчү ташыган Boeing 737 учагына Ирандын ракетасы тийген маалдын видеосун жарыялады.
Белгилей кетсек, "Украинанын эл аралык аба жолдору" учагы 8-январда Тегерандан анча алыс эмес жерде кулап түшкөн. Анын кесепетинен учактын ичиндеги 176 кишинин баары тең каза болгон.
Көзөмөл байкоо камерасына түшүп калган видеодо учакты көздөй коё берилди делген ракеталарды көрүүгө болот. Экинчи ракета 23 секундадан кийин коё берилип,ал учакка таамай тийген.
Андан соң жаркырап күйгөн учактын жерге кулап түшүп жатканы да тартылып калган.
New York Times гезити видео чынында эле учакка ракета тийген учур тартылып калганын ырастай алышкан.
Себеби видеодо учак кулаган маалдын эмес "2019-10-17" деген дата турат. Басылманын ырасташынча, камеранын системасы григориан календарын эмес, перс календарын колдонот.
Ссылка: https://barometr.kg/iranda-ukrain-uchagyna-raketa-tijgen-uchurdun-videosu-zharyyalandy
Добавить комментарий ×