Иранда кулаган учактын ичиндегилердин бардыгы каза болду. Кырсыктын себеби айтылды
Тегерандан анча алыс эмес жерде кулап түшкөн украин учагынын ичиндеги жүргунчүлөр менен экипаждын бары каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.
“Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык Boeing 737 учагы Имам Хомейни аэропортунан учуп чыккандан кийин эки мүнөттөн соң кулап түшкөн.
Аэропорттун расмий өкүлүнүн маалыматы боюнча учакта 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгон.
Ал ортодо Украинанын Ирандагы элчилиги каза болгондордун тизмесин тактап жатканы кабарланды.
“Акыркы так тизме азырынча жок. Биз тийиштүү тузүмдөр менен иштеп жатабыз. Каза болгондор аныкталып жатат”, — деди элчиликтин өкүлү.
“Известия” басылмасынын жазышынча, учак кыймылдаткычтары күйүп кеткендиктен кулап түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча Тегерандан Киевди көздөй учкан жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жарандары экени айтылууда.
Добавить комментарий ×