Иранда коронавирустан аткаминер дүйнө салды

2 марта 2020 17:29 591 Barometr
Поделиться в:
ok

Иранда максаттуулук боюнча кеңештин мүчөсү (Ирандын жетекчилигинин алдындагы кеңешүүчү жогорку орган) Мохаммад Мирмохаммади коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Arab News маалымат агенттиги билдирди.

Ага ылайык, аткаминер эмнеден улам каза болгону так айтыла элек. Бирок ал 1-мартта коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылган.

71 жаштагы Мирмохаммад эки жолу межлис (парламент) депутаты болгон.

Иран, Италия жана Түштүк Корея коронавирус тездик менен тарап жаткан үч мамлекеттин катарына кирет. Акыркы маалыматтар боюнча миңге жакын кишиге вирус жугуп, 54 киши каза болгон. 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында коронавируска чалдыккандар жок экенин айтып, оорунун жайылып кетишинин алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Андан сырткары элди киши көп чогулган жайларга барууда этият болууга чакырган. Ошондой эле, жума намаз сыяктуу киши көп келген жерлерге убактылуу барбай туруу сунушталган.

Ссылка: https://barometr.kg/iranda-koronavirustan-atkaminer-djn-saldy



Добавить комментарий