Канада Иранды украиналык учакты калпыстыктан улам атып алган деп айыптады

10 января 2020 11:17 2349 Barometr
Поделиться в:
ok

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Иранды жүргүнчү ташыган украиналык учактын кыйрашына күнөөлөдү.

Анын айтымында, учакты Иран атып түшүргөнү боюнча бир нече далилдер бар.

"Бизде учакты Иран ракета менен атып түшүргөнү боюнча көптөгөн булакттардан маалыматтар бар. Бул толук болушу ыктымал, ал калпыстыктан улам болгон", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган авиакырсыкта жалпысынан 176 киши каза болсо, анын 63ү канаданын тургундары.

BBC  телеканалынын берген маалыматы боюнча Канаданын бийлиги Ирандан Boeing учагынын кыйрашы боюнча көптөгөн суроолорго жооп берүүнү талап кылат. Жастин Трюдо алар керектүү жоопторду алганга чейин тынч отурбай турганын айтып, каргашаны толук изилдеп чыгууга чакырды.

Ушундай эле билдирүүнү Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы жасады.

"Учак ирандын "жер-асман" классындагы ракета менен атып түшүрүлгөнү боюнча көптөгөн маалыматтар бар. Бул ыктымал, ал атайылап жасалган эмес", — деди Жонсон.

Буга чейин да Американын бир катар ЖМКлары Америка менен Ирандын чалгындоо күчтөрүндөгү булактарына таянып, Украинанын жүргүнчү ташыган учагын Ирандын ракетасы катачылыктан улам атып алган деп маалымат таратышкан болчу.

Өз кезегинде Ирандын жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Али Абеджадех ЖМКлардагы маалыматтарды акылга сыйбаган имиштер деп атаган.

"Илимий жактан алып караганда деле ракета Украинанын учагын атып түшүрө албайт болчу. Мындай имиштер акылга сыйбайт", — дейт Абеджадех.

Эске салсак, “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык Boeing 737 учагы 8-январда Имам Хомейни аэропортунан учуп чыккандан кийин эки мүнөттөн соң кулап түшкөн. Анын кесепетинен учактын ичиндеги бардык 176 киши каза болгон

Ссылка: https://barometr.kg/kanada-irandy-ukrainalyk-uchakty-kalpystyktan-ulam-atyp-algan-dep-ajyptady



Добавить комментарий