Индиядагы таш ыргытуу фестивалында 75 киши жаракат алды

24 августа 2021 17:51 669 Barometr
Поделиться в:
ok

Эң аз дегенде 75 адам Индиянын Уттаракханд штатында болгон "Багвал" фестивалында жаракат алышты. Алар майрамдын урматына 8 мүнөт бою бири-бирин таш менен чапкылашкан. Бул тууралуу The “Times of India” булагы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Кийинчерээк жабыркагандарга медициналык лагерде көмөк көрсөтүлдү.

Фестиваль жыл сайын өтүп, ай толгон учурда белгиленет.

Штаттын Жогорку соту  2013-жылы таш менен чабышпоо тууралуу токтом кабыл алганына карабай, жергиликтүү тургундар бул жөрөлгөнүн жасап келе жатышат.

Буга байланыштуу жыл сайын көптөгөн адамдар жаракат алат, 2019-жылы 120 адам, 2018-жылы 60 адам таш тийип ооруканага жаткырылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/indiyadagy-tash-yrgytuu-festivalynda-75-kishi-zharakat-aldy



Добавить комментарий