Эл аралык фестивалга катышууга жаш шахматчылар тандалды

7 июля 2022 12:45 1894 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаардык “Диалог” маданият үйүндө “Issyk-Kul Open 2022” Эл аралык шахмат фестивалына тандоо турнири өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, турнирге жалпысынан “Диалог” маданият үйүнүн алдындагы шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 57 окуучусу катышты.

"Жалпысынан 10, 12, 14 жашка чейинки балдар  «Б» категориясында ат салышышты. Жыйынтыгында Аманов Асад жана Сагынбекова Жибек 10 жашка чейинки категорияда, 12 жашка чейинки Дуйшеналиев Эльдар жана Асанбекова Розел, 14 жашка чейинки Амиражанов Бекбол жана Токтобекова Азема фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми "В" категориясында Пак Аарон жана Рахатбеков Тилеген фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту", -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, фестиваль 12-22-июль күндөрү Ысык-Көл районунун Корумду айылында өтүп, Казакстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясынан гроссмейстерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-festivalga-katyshuuga-zhash-shahmatchylar-tandaldy



Добавить комментарий