Индияда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда 23 адам каза болду
Индияда имараттын чатыры урап, акыркы сапарга узатуу зыйнатында 23 адам каза болду. Бул тууралуу NDTV жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Окуя Уттар-Прадеш штатындагы Мураднагар шаарында болгон. Ондогон адамдар урандылардын астында калышкан, ал эми 40 жабырлануучу уранды асытанан куткарылган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук күчтөрү, жергиликтүү полиция жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери ал жерде дагы деле адамдар болушу мүмкүн деп эсептеп, куткаруу иштерин улантышууда.
Жабырлануучулар жергиликтүү ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Индиянын президенти жана премьер-министри окуядан каза болгондордун жакындарына твиттер аркылуу көңүл айтышты. Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитянаттын айтымында, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 миң рупий (2,7 миң доллар) өлчөмүндө материалдык жардам берилет.
Адитянат жергиликтүү бийликке окуянын себептерин иликтеп, тыкыр карап чыгууну тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-markumdu-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-uchurunda-23-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×