Нячанг — Бишкек каттамы Калькутта шаарынын аэропортуна конду

4 мая 2025 16:34 Barometr
Поделиться в:
ok

Нячанг — Бишкек каттамы боюнча бараткан аба кемеси Калькутта шаарынын (Индия) аэропортуна техникалык конууга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет. 

Air nomad авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн арасындагы 163 Кыргызстандын жараны мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык зарыл шарттар менен камсыз болушкан. 

Авиакомпания тарабынан кошумча аба борту берилген, анын Бишкекке учуусу бүгүнкү күндүн кечки убактысына пландаштырылган.


Ссылка: https://barometr.kg/nyachang-bishkek-kattamy-kalkutta-aeroportuna-kondu



Добавить комментарий