Илон Маск менен ырчы Граймс ажырашты

25 сентября 2021 10:10 1068 Barometr
Поделиться в:
ok

Tesla менен SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск менен ырчы Граймс уулдуу болушкандан кийин бир жыл өткөн соң эки айрылыш жолго түшкөнүн жарыялашты. Бул тууралуу Page Six булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Маск 33 жаштагы ырчы менен жуп болбой калышканын ырастады. Ал экөө жакшы мамиле менен коштошконун, мурдагыдай эле бири-бирин сүйө турганын жана бир жашка чыккан уулу X Æ A-XIIни биргелешип тарбиялай берүүнү улантыша турганын айтты.

Ал мындан тышкары ажырашуунун себептерин түшүндүрдү.

“Негизинен менин SpaceX  менен Teslaдагы ишим Техаста болуума же чет өлкөгө саякатка чыгууга байланышкан, ал эми анын иши негизинен Лос-Анджелесте”,- деп айтты Маск.

Эскерте кетсек, Граймс менен Маск 2018-жылдын баштап жолугушуп келет.Өткөн жылдын май айында түгөйлөр уулдуу болуп атын X Æ A-XII коюшкан. Ал Масктын алтынчы, ал эми ырчынын тун уулу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-menen-yrchy-grajms-azhyrashty



Добавить комментарий