Илим Карыпбеков КТРКдан кетет

19 января 2019 10:51 1694 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2019-жлдын 19-мартында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматынан кетет. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды. Ал эми жетекчи Илим Карыпбеков бул тууралуу жеке баракчасына: "Өздөрүн көрсөткүсү келгендер үчун мүмкүнчүлүк ачылды"-деп жазды. Белгилүү болгондой, учурда КТРКнын жетекчиси болгусу келгендер үчүн арыздар кабыл алынып баштаган. 

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынактын талабы боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес иш жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү, түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өз өмүр баянын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсүн жана башка керектүү документтерди камдашы керек. 




Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-ktrkdan-ketet



Добавить комментарий