Илим Карыпбеков бүгүнкү күндөн баштап КТРКнын жетекчилигине экинчи мөөнөткө баруу үчүн талапкер

15 февраля 2019 10:10 2945 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков 2-мөөнөткө барууга талапкер болду. Бул тууралуу Карыпбеков өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

Илим мырза:

"Биринчиден КТРКнын жалпы жамаатына, байкоочу кеңешке, бардык өнөктөштөргө, кесиптештерге, досторума төрт жылдын ичинде КТРКнын жетекчилик кызматында турган учурда чогуу иштешкендерге ыраазычылык билдиргим келет! Жакында менде кимдер менен жанаша иштешкен болсок алар туурасунда жана өзүмдүн жумушум, пикирлерим туурасында айтууга мүмкүнчүлүк болот. Азыркы учурда мен төрт жылда жасаган иштетир боюнча отчет даярдап жатам.

Экинчиден бул пост менен КТРКнын жетекчилигине жарыяланган ачык конкурсуна арыз жазганымды кабарлагым келет.

Менин бул чечимимден кийин дарегиме терс пикирлер айтылаарын түшүнөм, бирок менин талапкерлигим конкурстун жүрүшүн дагы да активдүү кылат деп ишенем.

Бардык талапкерлерге татыктуусу жеңишин каалап, бүгүнкү күндөн баштап КТРКнын жетекчилигине талапкер, Илим Карыпбеков", -деген мазмундагы пост жазып экинчи мөөнөткө бараарын айтты.

Ага кошумча Илим Карыпбеков белгилүү бир инсандар менин экинчи мөөнөткө барбашымды каалап менин дарегиме ар кандай терс маанидеги талкууларга түртүп жатышат. Мен да КТРКнын жамааты да уяла турган жагдай жок болчу. КТРК бирдиктүү иш алып баруучу мекеме деген пикирин да кошумчалады.

Ал эми анын катталуучулары колдогон сөздөрүн жазып калтырышууда. Бирок айрым интернет булактарында Карыпбековдун 2-мөөнөткө баруусун катуу сынга алгандар да жок эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-bgnk-kndn-bashtap-ktrknyn-zhetekchiligine-ekinchi-mntk-baruu-chn-talapker



Добавить комментарий