Хакерлер даркнетке миллиондогон насыя карталарынын маалыматтарын жарыялашты
Кибер коопсуздук менен иш алып барган Q6 фирмасынын талдоочулары берген маалыматка караганда All World Cards хакерлердин тобу даркнетке АКШ жана башка өлкөлөрдө чыгарылган 1 миллиондой насыя карталарынын маалыматын жарыялап салышкан. Бул тууралуу ixbt.com.булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган маалыматка таянсак, сиздин картаңыздын маалыматтары жарыяланып кетүү мүмкүндүгү аз, ошентсе дагы алдамчылардан коргонуунун ыкмаларын биле жүрүңүз. Эң эле биринчи варианты- кредиттик отчетту блоктоп салуу.Бул маалда алдамчылар сиздин жеке маалыматыңызды ала албай калат.
“Ошондой эле алдамчылыктан эскерте турган алдын ала маалымат берүү функциясын пайдалансаңыз болот”,- деп билдиришти Q6 фирмасынын талдоочулары.
Ссылка: https://barometr.kg/hakerler-darknetke-milliondogon-nasyya-kartalarynyn-maalymattaryn-zharyyalashty
Добавить комментарий ×