Гимнаст кыз Элизаны 100 милиция кызматкери түнү бою издешти

9 мая 2019 17:21 8923 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин милиция кызматкерлеринин издөө иштери 13 жаштагы Элизаны табууга көмөк берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

8-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну К.Р. 2005-жылы туулган кызы М.Э. жоголуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Ал эртең менен окууга кетип, түштөн кийин чейин поликлиникага процедура үчүн кеткен. Акыркы ирет аны болжол менен саат 13:30дан 14:00гө көрүшкөн. Октябрь ИИБи менен Бишкек ШИИБинин кызматкерлери токтоосуз түрдө ыкчам издөө иштерине киришкен.

Активдүү издөө иштери 8-майда саат 19:45те башталып, 9-майда 06:30га чейин уланды. Кызматкерлер өспүрүмдүн ата-энеси менен биргеликте Бишкек шаарындагы 6-микрорайондон кызды аман-эсен табышты. Азыркы учурда М.Э ата-энеси менен үйдө.

Кечки жана түнкү издөө иштерине 100дөн ашык милиция кызматкерлери тартылды.

Кечээ маалымдалгандай, 2005-жылы туулган, көркөм гимнастика менен машыккан Элиза Максытова Бишкекте дайынсыз жоголуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/gimnast-kyz-elizany-100-miliciya-kyzmatkeri-tn-boyu-izdeshti



Добавить комментарий