Футболчу Муролимжон Ахмедов “Саиф Спортинг” командасына расмий тааныштырылды

26 ноября 2019 21:49 2292 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын оюнчусу Муролимжон Ахмедов Бангладештеги жаңы клубу “Саиф Спортинг” командасына расмий тааныштырылды. Бул тууралуу “barometr.kg” сайтына футболчу өзү бүгүн билдирди. Клуб менен Муролимжон 2020-жылдын 31-июлуна чейин келишим түзүшкөн. Улуттук кураманын футболчусу жаңы клубда 15-номердеги кийимчен ойнойт.

Муролимжон Ахмедов буга чейин Бишкектин “Дордой” клубунда ойноп, 2019-жылдагы Кыргызстандын чемпиону болгон.

Эске сала кетсек, Бангладештин “Башундара Кингс” клубунда Улуттук кураманын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков былтыркы жылдан бери ойнойт. Ал эми Улуттук команданын дагы бир жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт жакында эле аталган өлкөнүн “Дакка Абахани Лимитед” командасына өткөн.

Бангладештин чемпионатында мындан сырткары кыргызстандык Дэниэл Тэго, Давид Тэтте, Артур Мулажанов жана Айдар Мамбеталиев аттуу футболчулар ойношот.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-murolimzhon-ahmedov-saif-sporting-komandasyna-rasmij-taanyshtyryldy



Добавить комментарий