Футбол: Бангладештин 6 жолку чемпиону “Дакка Абахани” Эдгар Бернхардтты командасына алды

22 ноября 2019 18:48 4682 Barometr
Поделиться в:
ok

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Бангладештин “Дакка Абахани” клубуна өттү. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

33 жаштагы футболчу келишим түзгөн жаңы клубунда 17-номердеги кийимчен ойнойт.

Улуттук курамдын жарым коргоочусу 2019-жылдагы сезондо Малайзиянын “Кедах” клубунда ойноду. Анда өлкөнүн футбол Ассоциациясынын Кубогун утуп, өлкө Кубогунун финалына жеткен.

Бернхардттын жаңы клубу “Дакка Абахани” Бангладештин 6 жолку чемпиону болгон. Өткөн жылы команда өлкө чемпионатында 2-орунда калды. 2019-жылы Кыргызстандын улуттук курамасынын дагы бир футболчусу Бахтияр Дүйшөбековдун “Башундара Кингс” клубу чемпион болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-bangladeshtin-6-zholku-chempionu-dakka-abahani-edgar-bernhardtty-komandasyna-aldy



Добавить комментарий