Финпол: 50 миңдей баалуу жаныбарлардын терисин жүктөлгөн унаа чек арадан кармалды

16 июня 2020 16:33 1018 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандан 50 миң даана норка жана ондатр (териси баалуу кемирүүчү жаныбар) терилерин чек арадан мыйзамсыз алып чыгуу аракети токтотулду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Ак-Тилек өткөрүү пунктунан үй тиричилик буюмдары бар делген тиешелүу документтери жок “Scania” жүк ташуучу унаасы кармалган.

Көрсөтүлгөн автоунааны текшерүүдө, үй буюмдарынан тышкары, жашыруун каптар табылган. Аларды ачууда норка жана ондатр терилери экени аныкталган. Алардын жалпы саны 50 миң даанадан ашты.  Келтирилген чыгым болжол менен 500 миллион сомду түздү.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, табылган жаныбарлардын терилери Кыргызстандагы бардык ондатр жаныбарынын санынан ашаары белгилүү болду. Бизде жалпы саны 19 миңден ашык деп эсептелет.

Бул факт Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталда.


Ссылка: https://barometr.kg/finpol-50-midej-baaluu-zhanybarlardyn-terisin-zhktlgn-unaa-chek-aradan-karmaldy



Добавить комментарий