Сыймык Жапыкеев: Кыргызстанга "смешанный" башкаруу эле ылайыктуу

25 ноября 2020 16:58 4071 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеев өлкөдө президенттик жана парламенттик башкаруу болушу керек деп эсептейт.

“Парламенттик башкаруу болобу, президенттик башкаруу болобу адилеттүү болушу керек. Бирок, менин жеке пикирим боюнча президенттик жана парламенттик башкаруу формасы эле жакшы”, - деди Жапыкеев.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Жаңы мыйзам долбоордун демилгечилери 80 депутат экени айтылып, алардын тизмеси жарыяланган. Ага утурлай эле, бир топ депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыгып, президенттик жана парламенттик башкаруу формасын сактап калууну айтып чыгышкан.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Депутаттар референдумду 2021-жылы 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушташууда.

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeev-bizge-prezidenttik-zhana-parlamenttik-bashkaruu-sistemasy-ele-ylajyktuu



Добавить комментарий