"Эжеси терезени ачып койгон". 6-кабаттан кулап кеткен 2 жашар кыз тууралуу окуянын чоо-жайы

26 марта 2021 18:41 5841 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап кеткен наристенин эжеси ойноп жатып терезени ачып койгон. Бул тууралуу Свердлов РИИБ маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, терезени ойноп жатып кулап кеткен кыздын эжеси ачып койгон.

"Балдар бөлмөдө ойноп жатып, кулап кеткен кыздын 3 жаштагы эжеси терезени ачып койгон. Кыз терезенин жанында турган керебетке чыгып, анан, ачык турган терезеден кулап кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Наристе учурда жеке клиникада дарыланып жатканы кабарланды. Абалы туруктуу деп бааланууда.

Эске сала кетсек, кече 25-март күнү Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кечки саат 18:00дор чамасында 2 жашар кыздын кулап кеткени тууралуу "Барометр" сайты билдирген. Наристе №3 балдар ооруканасына жеткирилип, оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ezhesi-ojnop-zhatyp-terezeni-achyp-kojgon-6-kabattan-kulap-ketken-2-zhashar-kyz-tuuraluu-okuyanyn-choo-zhajy



Добавить комментарий