Бишкекте эки жашар наристе 6-кабаттан кулап кетти

26 марта 2021 11:19 12506 Barometr
Поделиться в:
ok

Кече, 25-мартта Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2 жашар бала кулап кеткен. Бул тууралуу Свердлов РИИБнын маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлашты.

Маалым болгондой, кырсык кече, 25-март күнү кечки саат 18:30 дар чамасында болгон. Кыз Бишкек шаарынын Чүй проспектисиндеги "1000” түркүн дүкөнү тарапта жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен.

Кырсык болору менен дароо 2 жашар кыз жеке тез жардам унаасы менен №3 балдар ооруканасына жеткирилген. 

Наристе кыздын учурдагы абалы тууралуу №3 балдар ооруканасына байланышканыбызда наристенин абалы оор экенин айтты. 

"2-жашар кыз 6-кабаттан кулап кетип, кече кечинде биздин орууканага алынып келинген. Учурда, ал жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Кызга мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган деген диагноз коюлду. Денесинин эч жери сынган эмес", - деп билдирди ооруканадан.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-eki-zhashar-nariste-6-kabattan-kulap-ketti



Добавить комментарий