Кайын эжесинин ваннасына жашыруун камера орноткон эркек кармалды
Казакстандын Атырау шаарынынын тургуну өзүнүн аялынын эжесинин жууна турган бөлмөсүнө жашыруун камера орноткон. Бул тууралуу Polisia.kz. булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
17-октябрда полицияга Атырау шаарынын 36 жаштагы тургуну анын ванна жайгашкан бөлмөсүнө жашыруун камера орнотулганын айтып арыз берген.
Шектүү кармалды, ал арыз берген аялдын күйөө баласы болуп чыкты.Эркектин айтымында, аялы дайыма эле эжесинин үйүнө бара бергендиктен кызганып, кайын эжесинин жууна турган бөлмөсүнө жашыруун камера жайгаштырган. Ал ошондой эле камераны чөктөккө салып жүрө турган заряддоочу түзүмгө кошкон.
35 жаштагы эркек өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ага карата кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-kajyn-ezhesinin-vannasyna-zhashyruun-kamera-ornotup-karmaldy
Добавить комментарий ×