Казакстанда куш тумоосу чыгып миңден ашык үй канаттуулары өлдү
Түндүк Казакстандагы Лебяжье айылына ветеринардык карантин киргизилди. Бул жерде куш тумоосунан миңден ашык үй канатуулары өлдү. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган областын ветеринария башкармалыгынан маалымдашкандай, 21-сентябрдан 26-сентябрга чейинки аралыкта бул кыштакта тооктор, каздар жана өрдөктөр массалык түрдө кыргынга учурган.Баардыгы болуп 1003 баш үй канаттуусу кырылган. Аларды өрттөштү.
“Ветеринардык кызмат текшерүү жүргүзүп, канатуулардын куш тумоосунан өлгөнү 24-сентябрда лабораториялык негизде аныкталды”,-деп кабарлады областтагы ветеринария башкармалыгынын профилактика бөлүмүнүн жетекчиси Каирлы Казанов.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Казакстандан куш тумоосунан улам канаттуулар фабрикаларында жана калктын чарбаларында жүз миңдеген канаттуулар зыянга учурган.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kush-tumoosu-chygyp-miden-ashyk-j-kanattuulary-ld
Добавить комментарий ×