Элге коронавирустун алдын алуу үчүн арак ичкиле деген спортчу кечирим сурады

2 май 2020 11:13 1962 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык белгилүү гольфист Жон Дэйли коронавирустун алдын алуу үчүн күнүнө бир бөтөлкө арак ичкиле деп чакырганы үчүн кечирим сурады. Ал айтылган тамашасын орунсуз болгонун белгиледи.

“Мен эч кимди таарынтайын деген эмесмин. Болгону аны тамаша иретинде гана айтып, бул оор күндөрү башкаларды дагы күлдүрөйүн дегем. Тилекке каршы бул мамлекетте, бул дүйнөдө юморду эч ким түшүнбөй калды. Азыр бардыгыбызга юмор керек”, — деди 54 жаштагы спортчу.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус дүйнө жүзү боюнча 3,3 миллиондон ашык кишиге жугуп, анын бир миллиондон ашыгы айыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/elge-koronavirustun-aldyn-aluu-chn-arak-ichkile-degen-sportchu-kechirim-surady



Добавить комментарий