Коронавирус дүйнө жүзү боюнча 3,3 миллион кишиге жугуп, 1 миллиондон ашык киши айыкты
Поделиться в:
Коронавирус илдети дүйнө жүзү боюнча 3,3 миллион кишиге жугуп, 1 миллиондон ашык киши айыкты.
Акыркы маалыматтар боюнча 238 649 киши оорунун курмандыгы болду.
Оору жуккандар менен андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. 1,1 миллион кишиге оору жугуп, 65 миң киши каза болду. Экинчи орунда Испания. 213 435 кишиден илдет табылып, 24 543 киши өлдү. Италияда 207 428 киши оору чалдыгып, 28 236 киши өмүрү менен кош айтышты.
Улуу Британия, Франция, Германия, Түркия, Россия, Иранда абал оор. Илдет жуккандар күн сайын өсүп жатат.
Добавить комментарий ×