Эл өкүлү тоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштерди ЖМКлардын иликтеп чыгуусун суранды

16 января 2020 10:25 7760 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы абал өтө баш аламан экенин айтып, курамында баалуу металлдар бар рудалар тышка ташылып жатканын билдирди.

Депутат Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши 2019-жылы 6-февралда жер казанасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө чечим кабыл алгананын белгилеп, өкмөт менен Башкы прокуратурага конкреттүү тапшырмалар коюлган эске салды.

Бакиров алтын камтыган рудаларды жана алтын камтыган концентрантты сатууда салыктык коюмдарды көбөйтүү бөлүгүндө кен казуу жана кен иштетүүчү ишканалардын кирешесине салыкты жогорулатуу жөнүндө маселени карап чыксын деп сунуш берилгенин кошумчалады.

"Тилекке каршы дагы деле рудалар мыйзамсыз ташылып жатат. Солтон-Сарыдан 4 миллион сомго бааланган 1,5 тонна консентрант мыйзамсыз ташылып баратканы боюнча маалыматтар тарап, кишилер кармалды. Эми өзүңөр элестетип көргүлө 15 тонна болсо 40 миллион, 150 тонна болгондо 450 миллион сомдук алтын кошулсамасы бар концентрант ташылып жатат", — деди ал.

Депутат ошондой эле, анын колунда кармалган рудалар боюнча лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы бар экенин, ал жакта 1 тонна рудада 1,68 грамм алтын чыгат деп аныкталган белгиледи.

Бирок аныгында бул рудадан алтын 30 граммдан 44 граммга чейин, күмүш 194 грамм, ал эми жез 278 грамм экени айтты.

Эл өкүлү тоо-кен тармагындагы ушундай баш аламандыктардан улам "Азаттык" радиосу жакшы иликтөөлөрдү жасай турганын, андыктан ушул тармак боюнча да иликтөө жасаса жакшы болорун сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/el-kl-too-ken-tarmagyndagy-myjzamsyz-ishterdi-zhmklardyn-iliktep-chyguusun-surandy



Добавить комментарий