УКМК Солтон-Сары кенинен 4 миллион сомдук алтын бар кенди уурдап жүргөндөрдү кармады

8 января 2020 13:05 1994 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Солтон-Сары кенинин кызмат адамдары курамында алтын бар кенди такай уурдап жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, кызмат адамдары алтынды бөлүп алуучу “Солтон-Сары” фабрикасынан курамында алтын бар кенди алып чыгып, аны Нарын менен Чүй облусунун аймагында сатууга аракет кылышкан. 

2019-жылдын 27-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштери учурунда Нарын облусунун Оттук айылынан Mercedes Sprinter автоунаасы токтотулуп, тинтүү учурунда жалпы салмагы 1500 килограмм болгон 35 мүшөк табылган. Анын базардагы баасы 4 миллион сомду түзөт. 

29-декабрда Солтон-Сары кенинин жетекчиси А.М.Ж., алтынды бөлүп алуучу «Солтон Сары» фабрикасынын директору О.Б.Ж. жана Солтон-Сары кенинин адиси К.Н.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилген. 

Учурда бул ишке тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кени үч участоктон турат. Алар Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр. Бул жактагы алтындын жалпы кору 20 тоннаны түзөт. Алтын-Төр участкасы “Кыргызалтындын” карамагында болсо, Бучук участкасын кытайдын Zhong Ji Mining company компаниясы иштетет. Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп, 2013-жылы кенди иштетүү боюнча 2033-жылдын апрелине чейин лицензия алган.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-solton-sary-keninen-4-million-somduk-altyn-bar-kendi-uurdap-zhrgndrd-karmady



Добавить комментарий