Экс-президент Роза Отунбаеванын иниси АКШга элчи болду
Болот Отунбаев АКШнын элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 15-январда кол койду. Белгилүү болгондой Болот Отунбаев экс президент Роза Отунбаеванын иниси.
Ал 1987-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1990-1993-жылдары аталган окуу жайда аспирантурада окуп, тарых илимдеринин доктору болгон. 1993-жылы ушул эле окуу жайдын Жогорку башкаруучулук мектебин аяктаган. 2000-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1987-1990 — Бишкек шаарындагы №67 мектепте мугалим;
- 1993-1995 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Бишкектеги кеңешчиси;
- 1995-1996 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Анкарадагы борбордук кеңсесинде кеңешчи;
- 1996-1998 — Түркиянын эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү;
- 1998-2003 — Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин биринчи катчысы;
- 2003-2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин батыш мамлекеттери жана ЕККУ башкармалыгынын жетекчиси;
- 2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш мамлекеттери башкармалыгынын жетекчиси;
- 2005-2009 — Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде кеңешчи;
- 2010 — КР Жогорку Кеңешине КСДП партиясынын тизмеси боюнча талапкер;
- 2010-2012 — КСДП партиясынын республикалык штабында координатор, саясий кеңештин мүчөсү;
- 2012-2015 — Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси;
- 03.2016 — 01.2019 — Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси.
- 15.01.2019 — Кыргызстандын АКШдагы толук ыйгарымдуу элчиси.
Эске салсак, АКШнын мурунку элчиси Кадыр Токтогулов 14-январда кызматынан бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-prezident-roza-otunbaevanyn-inisi-akshga-elchi-boldu
Добавить комментарий ×