Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан кетти

14 января 2019 18:37 1265 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат сайтына жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 14-январда кол койду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеген Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган. 2016-жылдын 24-февралынан тарта Кыргызстандын Канададагы элчиси кызматын да кошо аркалай баштаган.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-aksh-zhana-kanadadagy-elchisi-kadyr-toktogulov-kyzmatynan-ketti



Добавить комментарий