Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө изоляторунан чыгарылды
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосуновко шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, чечим Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосунда кабыл алынды. Каныбек Осмоналиев ден-соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулду.
Белгилей кетсек, 23-июнда кылмышка шектүү экс-депутат ден-соолугунун начарлыгына нааразы болгон, буга байланыштуу ага тез жардам кызматы чакырылган.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтында парламенттин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ЖКнын экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармашкан. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-kanybek-osmonaliev-ukmknyn-terg-izolyatorunan-chygaryldy
Добавить комментарий ×