Эки кесиптин ээлеринин 50 пайызы ден-соолугуна даттанышат

30 ноября 2021 11:00 1400 Barometr
Поделиться в:
ok

Кээ бир жумуштар ден-соолукка зыянын тийгизип жана убактыңызды ала тургандан да башка себептери бар. Алгач коопсуз көрүнгөн кесиптердин чындыгында өтө чоң зыяны тийет экен. Эң кеңири тараган чач тарач менен ашпозчу кесиптердин экөөсүн эле алып көрөлү. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

 Эки кесип адамдын ден-соолугуна  өтө коркунучтуу Чач тарачтын жумушу травмалык кесипке кирет. Анткени эртеден-кечке ыңгайсыз абалда туруп иштегенге туура келет. Дайыма ысык суу колдонот. Курч, миздүү жана электр каражаттарды колдонот. Андыктан дүйнө жузүндөгү аталган кесиптин ээлеринин 50 пайызы ден-соолугуна даттанышат. АКШда саламаттыкты сактоо департаментинин берген баасына ылайык, ар бир бешинчи чач тарач катуу чарчагандыктан улам жумушунан баш тартышат. Омуртка, бел, баш орулары менен жабыркашат. Мындан сырткары, чач тарачтар эң эле зыян химиялык заттар менен иштегенге туура келет. Иштеген жердин абасы мындай заттар менен ууланган соң, анын айынан тери оорулары козголот. Маселен, дерматит жана астма оорусу.

Чач тарач сыяктуу эле, ашпозчулар дагы дем алуу органы аркылу астма илдетине кабылышат. Ысык мештин жанында керээрели кечке туруп иштөө, ар кандай курчутмалардын жыты, ашкана бөлмөсүн тазалагыч химиялык заттар, булардын баары астма илдетин козгойт. Ошондой эле курч, миздүү ашкана буюмдарынан ар кандай травмаларды алууга болот. Америкалык ашпозчулардын 22 000и жыл сайын медициналык жардамга муктаж болуп кайрылышат жанаалардын 150сү эң оор жараат алгандар болуп эсептелет.

Дерматит жана астма, олуттуу травмалар.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-kesiptin-eelerinin-50-pajyzy-den-sooluguna-dattanyshat



Добавить комментарий